Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:56

Абактан качкандар өлтүргөн текшерүүчүлөрдүн бири 25 жашта болчу


Абактан качкандардын колунан ажал тапкандардын бири 25 жашта болчу. Бул тууралуу бүгүн Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Ал №50 абакта текшерүүчү болуп иштеп жаткан.

12-октябрга караган түнү Чүйдүн Төмөнкү Нооруз аймагында жайгашкан №50 абактан 9 кылмышкер качып кеткен.

Аларды кармоо маалында Жаза аткаруу кызматынын 3 өкүлү муунтуп өлтүрүлгөн.

Абактан качкандардын үчөө 2011-жылкы Спорт сарайынын алдындагы жардырууга айыпталган, Кыргызстанда тыюу салынган "Жайшул Махди" террордук уюмунун активдүү мүчөлөрү.

Окуя боюнча милицияга маалымат берилип, ыкчам издөө иштеринин натыйжасында бешөө колго түштү.

Эркиндикте жүргөн төртөөнүн экөө өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Учурда аларды издөө уланууда. Жаза аткаруу кызматы алар өтө коркунучтуу кылмышкерлер экенин белгилейт. (JM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG