Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

Президент коргоо министрин иштен алды


Президент Алмазбек Атамбаев коргоо министри Абибилла Кудайбердиевди кызматтан алды. Бул тууралуу жарлыкка кол коюлганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кудайбердиевге карата кылмыш иш козголгонун буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча улуттук комитеттен билдиришкен. Ал жана министрликтин бир нече жооптуу кызматкери коррупцияга шектелүүдө.

Былтыр август айында министр мекеменин атайын каражат эсебинен "Аскер Курулуш" мамлекеттик ишканасына 2 жылдык мөөнөткө 12 миллион бөлүп берүү тууралуу буйрукка кол койгон. Атайын кызматтын маалыматына караганда, бул акча расмий документтерге киргизилген эмес жана министрлик менен "Аскер Курулуш" ишканасынын айрым жетекчилеринин сол чөнтөгүнө түшкөн.

Коргоо министрлиги бул боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG