Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:22

Макмалда алтындын уурдалышы боюнча 12 адам иштен убактылуу четтетилди


Макмалда алтындын уурдалышы боюнча 12 адам иштен убактылуу четтетилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" макмал алтын комбинатынын жетекчиси Каныбек Дыйканов билдирди. Анын маалымдашынча, июль айында "Кыргызалтындын" алдында түзүлгөн комиссия өндүрүлгөн алтын бир килограммдай кемип калганын аныктап чыккан.

Бул фактыны УКМКга өткөрүп берген жана атайын кызмат кылмыш иш козгогон.

Дыйкановдун ырасташынча, азыр комбинатта күзөт күчөтүлдү. Күзөт бөлүмүнүн жетекчилиги алмашты. Кошумча видеокамералар орнотулду. (EBM)

XS
SM
MD
LG