Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Түркия Күрт жумушчу партиясынын болжолдуу жайларына абадан сокку урду


Анкарада 10-октябрда күртчүл жана солчул активисттердин маршында болгон жардыруудан бери дегенде 95 адам мерт кетти.

Анкарада 10-октябрда күртчүл жана солчул активисттердин маршында болгон жардыруудан бери дегенде 95 адам мерт кетти.

11-октябрда Түркиянын аба күчтөрү Күрт жумушчу партиясынын өлкө ичиндеги жана Ирактагы болжолдуу жайларына сокку урду. Чабуулдун жыйынтыгында Ирактын Метина, Зап райондорунда жана Түркиянын Диярбакыр аймагында согушкерлердин бир катар өңүттөрү жок кылынып, ондогон адам набыт болгонун түрк аскерлери кабарлашты.

Чабуулдар өлкөдө тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы Түркиянын аймагында майда чабуулдарды токтоторун жана мындан ары 1-ноябрда өтө турган шайлоого жолтоо болбостугун билдирген соң башталды. Анкара партиянын бул сөздөрүн четке кагып, күрт козголоңчуларын куралдарын таштап, өлкө аймагынан чыгып кетүүгө чакырган.

Анкарада 10-октябрда күртчүл жана солчул активисттердин маршында болгон жардыруудан бери дегенде 95 адам мерт кетти. Айрым маалыматтар боюнча, жардырууга “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу шектелүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG