Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

Кабулда Британиянын тик учагы кулап түштү


Ооганстандагы британ аскери

Ооганстандагы британ аскери

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы НАТОнун базасынын жанында Британиянын аскерий тик учагы кулап түшүп, ичиндеги он адамдын бешөө мерт кетти. Алардын арасында эки британ аскери болгонун Британиянын Коргоо министрлиги ырастады.

“Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө. Бирок бул окуяга согушкерлердин эч тиешеси жок”,-деп билдирди министрликтин өкүлү.

НАТОнун Ооганстандагы аскердик миссиясы аяктаган соң башталган “Чечкиндүү колдоо” программасына 42 өлкөнүн 13 миңден ашык аскери катышууда. Анын башкы максаты ооган аскер күчтөрүн машыктыруу жана колдоо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG