Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

№50 түрмөнүн жетекчилигине кылмыш иш козголду


Абактардагы мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү боюнча прокуратура №50 түрмөнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш Кылмыш кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча козголду.​

Өткөн түнү Жаза аткаруу кызматынын Чүйдүн Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 мекемесинен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 7 жана тергөөдөгү эки адам үч түрмө кызматкерин муунтуп өлтүрүп, дагы бирөөнү чала жан кылып сабап качып чыккан.

Качкан 9 адамдын бешөө кармалды, төртөө дагы эле дайынсыз болууда. Алардын баары диний экстремизм жана терроризм үчүн кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG