Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Москва: "жумуш сатам, аласыңбы?"


Москвадагы мигранттар. Сүрөттөгү жумушчулардын макаладагы каармандарга тиешеси жок.
Москвадагы мигранттар. Сүрөттөгү жумушчулардын макаладагы каармандарга тиешеси жок.

Москвада иштеген мигранттардын арасында жумуш орду, батирдеги бир кишилик орун, жада калса паспорт да акчага бааланып сатылат.

Москвада мигранттар баарлашкан интернет сайттан адаттагыдай эле “жумуш сатам” деген жарнама боюнча байланыштык:

"Саламатсызбы, эже! Жумуш сатасызбы?"

"Ооба, пол жуугучтун иши. Кыргызстанга баратам, ошого жумушумду сатып жатам".

"Канчага сатасыз? Бир миң рубль деп жазылып турат го".

"Миң эмес, он миң рубль. Туруктуу жумуш. Мен кайра келсем дагы албайм, өзүңдө калат".

"Он миң рублга жумушту сатып алсам, анда айлыгы канча?"

"Айлыгы дагы он миң".

"Эже, сизден 10 миң рублга жумуш сатып алсам, бир ай ал жакка барып бекер пол жууйт экенмин, жөн эле бериңизчи".

"Жөн эле бербейм. Жакшы ишти сатыш керек. Азыр бекер эч нерсе жок. Кааласаң ал, каалабасаң сурагандар толтура. Акчасын 8-9 миң дагы кылып түшүрүп бербейм, болгон баасы 10 миң..."

Жумуш ордун 10 миңге сатууну көздөгөн Жазгүл айым ушинтип иштин баасын түшүрүп берүүгө дагы көнбөдү.

Москвада иштеген мекендештердин арасында шарттары жеңил же батирге жакын жайгашкан ишти соодалашуу кадимки көрүнүш.

Колдон колго өткөн жумуш

Бир-эки жыл мурун Бек Бекчиев аялына алтын саткан дүкөндөн пол жууган жумушту беш миң рублга сатып берип, кийин кайра эле короткон акчасын башкадан чыгарып алганын айтат.

- Бир тааныш кыз “ишим бар, ошону сатат элем” деп айтып калды. Беш миң рублга сатууга макул болду. Анан мен аялыма алып бердим. Аялым башкы жумушунан кийин барып, тазалап-жууп бир жылдай иштеди. Бир жылдан кийин дагы бир тааныш кызга беш миңге бердик. Кыз өзү “силер деле сатып алгансыңар, мен деле акчасын берем, башкага бербегиле” деп сунуштады, анан биз макул болдук. Мындай нерсе Москвада көп эле болот. Эркектердин арасында деле болот...

Өзүн Азамат деп тааныштырган мигрант Москвада жердештерге жумуштан тышкары орус жарандыгы бар паспортту дагы ижарага берип акча табууга болорун айтат.

- Бирөөгө паспортун берип, ал паспорт менен расмий жумушка орношкондон кийин андан айына 1-3 миңден акча алгандар болот. Кээ бирлери бекер эле берет, "кийин пенсияма көбүрөөк акча чыгат" деп. Мен орус жарандыгын алганда, калп айтпасам, менин паспортум менен 15 киши иштеди. Кээде талашып калышчу, акчасын деле алган жокмун. Бирок көбү эле акчага берчү. Эми бул мыйзамсыз иш, бирок мекендештерге жакшы эле жардам.

Азаматтын ою боюнча, тааныш же айылдаш болгон күндө деле кийин “мен сага иш таап берип адам кылгам” деген доомат сөздөрдөн алыс болуш үчүн мындай кичи пейилдиктер акчалай бааланганы туура.

Каныбек Мадалиев жердештерге иш ордун сатуу менен жан багып жүргөндөр жөнүндө жакшы кабардар. Өзү 2-3 жыл мурун 100 долларга баалап жумуш сатып алганын эскерет.

- Өзүм аялыма сатып бергем. “Мобул жумушту берем, момунча акча бересиңер” дешсе макул болосуң. Азыр эми адамдар ушундай болуп калышты. Түшүнбөйсүң. Жада калса туугандардын арасында акча менен эсептешип калдык. Мен эч нерсе деп айта албайм. Азыр бирөөгө бир нерсе деп айтууга болбойт. Ал эми кыргызча айтканда бул адамгерчиликке жатпайт, бул ыймансыздык.

Көп жылдардан бери Орусияда жүрүп калган мекендештер мурунтан батир тартыш кездерде бөлмөдөгү бир орундук жер дагы соодаланып, сатылып келгенин айтышат. Анткен менен чет жакта тыйын табууну көздөп жүргөн журтташтар бардык нерсенин баасын жакшы билип, эч нерсеге деле таң калбай калышкандай.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG