Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:42

Обама: Путин Дамаскини колдоо менен начар башкарууну көрсөтүүдө


АКШ президенти Барак Обама

АКШ президенти Барак Обама

Бул туралуу АКШ президенти Барак Обама 11-октябрда Си-Би-Эс каналындагы “60 мүнөт” программасына берген маегинде айтты.

“Путин учурда өзүнүн жалгыз союздашы-Сириянын президенти Башар Асадды кармап калыш үчүн ал жакка аскер күчтөрүн жөнөтүүдө”, - деген Обама бул кубаттуулуктун белгиси эместигин билдирди.

Обаманын пикиринде, кризистен чыгуу үчүн жаңы өкмөт керектигин моюнга алуу абзел. Болбосо эч нерсе ишке ашпайт.

АКШ президентинин пикири Сирия аскерлери орус аба күчтөрүнүн колдоосу менен козголоңчулардын бир топ жайларын жок кылып жаткан маалда айтылды.

Орусия Сириядагы аба чабуулдарын 28-сентябрда баштаган. АКШ, Түркия жана Араб мамлекеттеринин лигасы Орусиянын соккулары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна багытталбай эле, Асаддын каршылаштарына жасалып жатканын айтып, сынга алышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG