Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

Ошто 18 адам кутурмага каршы эмделди


Ош шаарынын Кеңеш айылынын тургунунун бир уйу кутурмага кабылганы тастыкталды. Бул тууралуу Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык станциядан билдиришти. Ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Музаффар Ахмедовдун билдиришинче, уй жок кылынды. Ылаң жугушу ыктымал деген 18 адам кутурмага каршы эмделди. Андан сырткары айылдагы мал-жандык да кутурмага каршы эмделүүдө.

Ош шаарында жыл башынан бери жаныбарлар арасында төрт жолу кутурма катталган.

Кутурманын адамдарга жугуусу акыркы сегиз жылдан бери каттала элек. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG