Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Нобель сыйлыгынын экономика жаатындагы ээси аныкталды


Нобель сыйлыгынын ээси Энгус Дитон
Нобель сыйлыгынын ээси Энгус Дитон

Экономика жаатындагы Нобель сыйлыгы быйыл Принстон университетинин экономисти Энгус Дитонго ыйгарылды. Комитеттен кабарлашкандай, Дитон бул сыйлыкка керектөө, жакырчылык жана социалдык камсыздоо боюнча жүргүзгөн талдоосу үчүн татыды.

70 жаштагы Энгус Дитон бир нече жогорку билим алган соң Англиядагы банктарда иштеген. 1983-жылдан бери Принстон университетинде эмгектенип келет.

Сыйлык тапшыруу аземи 10-декабрда Норвегия борборунда өтөт.

Нобель сыйлыгы Швециянын крону менен 1 миллионго барабар же 960 миң долларды түзөт.

Сыйлык жыл сайын илим тармактарында ири ачылыштарды жасаган окумуштууларга, адабиятта үлкөн окуя катары кабылданган чыгарма жараткан сүрөткерге, тынчтык үчүн талыкпай күрөшүп келаткан ишмерге ыйгарылат.

XS
SM
MD
LG