Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Евробиримдик Орусиянын Сириядагы чабуулдарын сынга алды


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини.

Евробиримдик Орусиянын Сириядагы аба чабуулдарын сынга алып, өлкөдөгү тынчтыкты орнотуу аракетине доо кетирип жатканын белгиледи. Бүгүн Люксембургда өткөн жолугушууда Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Сириянын президенти Башар Асаддын каршылаштарына жасап жаткан Орусиянын аба соккуларын "кооптондура турган фактор" деп аташты.

Ошондой эле алар Орусиянын Сирияда жүрүп жаткан согушка кийлигишүүсү жаңжалды дагы курчутуп, гуманитардык кризисти тереңдетип, радикалдашуунун күчөшүнө алып келиши мүмкүндүгүн белгилешти.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини бардык аскерий аракеттер АКШ, Орусия жана Евробиримдик ортосунда макулдашылган соң жасалышы керектигин, болбосо саясий эмес аскерий коркунуч жаралуу ыктымалдыгы бар экенин билдирди.

Орусия Сириядагы аба чабуулдарын 28-сентябрда баштаган. АКШ, Түркия жана Араб мамлекеттеринин лигасы Орусиянын соккулары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна багытталбай эле, Асаддын каршылаштарына жасалып жатканын айтып, сынга алып келишет.

XS
SM
MD
LG