Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

БШК: “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын добуштары кайра саналат


Парламенттик шайлоого катышкан “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл өкмөтүндөгү добуштары кайра саналат. Бул маалыматты “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров ырастады. Анын айтуусунда, аталган аймакта жайгашкан төрт шайлоо участкасындагы добуштар бүгүнтөн тарта санала баштайт.

Мурдараак партиянын теңтөрагасы Адахан Мадумаров Ош жана Жалал-Абад облустарында бюллетендерди кол менен санап чыкканда электрондук эсептегиден 37 миң добуш айырма чыкканын билдирген. Партия айрым шайлоо участкалардагы добуштарды кайра санап чыгуу арызы менен БШКга 8-октябрда кайрылган.

Өзгөн райондук шайлоо участкасынын төрагасы Нурмамат Сулаймановдун “Азаттыкка" билдиришинче, Куршабда 7800дөй шайлоочу бар. Алардын 4700дөн ашууну добуш берген.

Мындан сырткары БШК Оштогу эки, Араван районундагы үч шайлоо участогундагы добуштарды кайра саноо чечимин чыгарды.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого 14 партия катышып, алардын алтоо жеңишке жетишкен. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы топтогон добушу 7 пайыздык тосмого жетпей калган. Партия парламентке өтүшү үчүн дагы он миңдей добуш керек. (КE)

XS
SM
MD
LG