Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:38

Жарадар болгон түрмө кызматкеринин абалы оор


Түрмөдөн качкандардын колунан жарадар болгон абактын кызматкери, подполковник Тилек Абылгазиевдин абалы оор. Ага операция жасалды, учурда реанимация бөлүмүндө жатат. Алдын-ала маалыматка караганда, Абылгазиевдин баш мээси катуу чайкалып, баш сөөгү сынган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун айтуусунда, түрмөдөн качкандар азырынча кармала элек.

11-октябрдан 12сине караган түнү Чүйдүн Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 абагынын өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 7 жана тергөөдөгү эки адам үч кызматкерди муунтуп өлтүрүп, дагы бирөөнү чала жан кылып сабап качып чыккан.

Качкан 9 адамдын бешөө кармалды, төртөө дагы эле дайынсыз болууда. Алардын баары диний экстремизм жана террорчулук үчүн кармалган.

Түрмөдөн качкандардын колунан ажал тапкан кызматкерлердин сөөгү кичи мекенине жеткирилгенин Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG