Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Кара-Сууда шайлоо маалында коюлган трансформаторду кайра алып кетишти


Бул тууралуу Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мөнөк айылынын тургуну Мунарбек Исаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыштакка 160 кВт электр трансформаторун КСДП партиясынын талапкерлери 25-сентябрда коюп беришкен. Бирок шайлоодо алар “Кыргызстан” партиясынан аз добуш алып калганына нааразы болуп, 8-октябрь күнү аны кайра чыгарып кетишти.

Ал эми КСДП партиясынын өкүлү, “Ошэлектр” ишканасынын жетекчиси Дыйканбай Даминов Мөнөктүн өзүнүн трансформатору айылга толук жетерин, ал эми чыгарылып кеткен жабдуу башка аймакка керек болуп жатканын айтты. Ал ошондой эле муну партия менен жана анын бул аймактан добушту аз алып калуусу менен байланыштырбоо керектигин кошумчалады.

Мөнөк кыштагында жалпы 2015 шайлоочу катталган. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бул жерден КСДП 550, "Кыргызстан" 584 добуш алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG