Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

Атамбаев Лукашенкону президент болуп кайра шайланышы менен куттуктады


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Беларус президенти кызматына шайланышына байланыштуу Александр Лукашенконун дарегине куттуктоо жөнөттү.

Куттуктоо телеграммасында Атамбаев Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы достук мамиле жана өз ара пайдалуу кызматташуу биргелешкен аракеттердин аркасында өнүгө берерине ишенимин билдирди. Лукашенкого чың ден-соолук, бакубатчылык жана жооптуу кызматта алдыга койгон максаттарды ишке ашырууда ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги белорус элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

11-октябрда өткөн шайлоодо Лукашенко 83% добуш алып, дагы беш жылга 1994-жылдан бери уланып келаткан президенттик мөөнөтүн узартты.

Кыргызстандын буга чейинки президенти Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрель окуясынан кийин үй-бүлөсү менен Минскке качып барган бойдон ошол жакта жашайт. Мекенинде ал сыртынан соттолгон. Бирок Беларус тарап Бакиевдерди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып келатат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG