Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Ош: Шайлоо менен кошо кеткен трансформатор


Мөнөк айылындагы 400 киловаттык трансформатор. 2015-жыл
Мөнөк айылындагы 400 киловаттык трансформатор. 2015-жыл

Кара-Сууда шайлоонун алдында коюлган трансформаторду добуш берүү бүткөндөн кийин кайра чыгарып кетишти. Жабдууну Мөнөк айылына КСДП партиясынын талапкерлери белек кылган эле.

Трансформаторду чыгарып кетүү себебин жергиликтүү эл талапкерлердин 4-октябрда айылдан аз добуш алып калганы менен байланыштырууда. Ал эми партиянын өкүлдөрү мындай дооматтарды четке кагып жатышат.

Мөнөк кыштагынан чыккан атуулдар ар кайсы партия тизмесинде болгондуктан бул айылдын добушу талашка түшкөн. Ошол себептүү партиялар бири жолду оңдоп, бири арык тазалап шайлоо алдында катуу атаандашкан. Иш жасай ала турганын көргөзгүсү келген КСДП партиясынын талапкерлери 25-сентябрда Мөнөктөгү Бекмамат Рыскулов көчөсүнө трансформатор орнотуп беришкен эле.

Бирок шайлоо бүтөрү менен ал партиянын талапкерлери электр жабдуусун кайра чыгарып кетишкен. Өзүн Акылбек деп тааныштырган айыл тургуну “Азаттыкка” буларды айтып берди:

Жаңы коюлуп, кайра алып кетишкен трансформатордун орду
Жаңы коюлуп, кайра алып кетишкен трансформатордун орду

- КСДП партиясынын талапкерлери “бизди шайлап койгула” деп суранып, трансформатор коюп беришкен. Анан шайлоо өткөндөн кийин, тагыраагы 8-октябрь күнү “КСДПга бул көчөдөгүлөр аз добуш берип коюптур” деп трансформаторду кайра алып кетишти. Ошентип ачык эле айтышкан экен. Эми ушунча курулуп, иштеп аткандан кийин ордунда кала берсе болмок да. Негизи трансформатор өйдө жакта болчу, электр начар келет эле. Жаңы коюлганда жарык жакшы болуп, жыргап калганбыз. Азыр трансформаторду алып кетип калышты эле, бул көчөнүн жарыгы эптемей болуп калды. Же ток мештери иштебейт, же башкасына ток жетпейт.

Дагы бир кызык жагдай - жаңы коюлган трансформаторго Рыскулов көчөсүнүн жашоочулары баштан аяк ар бир үйдөн акча чогултуп бергени. Эми айылдыктар трансформатордон да, акчадан да жок отуруп калышты. Көчөнүн дагы бир тургуну Мунарбек Исаков буларга токтолду:

- “Трансформатор орнотуп атабыз, ар бир үйдөн акча кошкула” деп атайын келишкенинен, биз 1000 сомдон бергенбиз. Ошол жердеги 30-40тай үйдүн баары эле берген. Анан кийин сурасак, трансформаторду койгон усталардын тамак-ашына төлөдүк, жабдууну тоскон темирлерге жумшадык, ширетүүчүгө кетти дешти. Үйүбүзгө жарык кирип атат деп, ага да кайыл болгонбуз. Эми ал акчабыздан майнабы чыкпай калды, трансформаторду жулуп кетишти. КСДП партиясы биздин айылга акча жумшамак тургай, пайда менен чыгып кетти десек да болот. Негизи уяты болсо чоңдор эч кандай шайлоосуз эле муктаж жерлерге трансформатор коюп бериши керек эле да. Бул бир чети алардын милдети эмеспи.

Мөнөк айылы
Мөнөк айылы

​Мөнөк кыштагында жалпы 2015 шайлоочу болсо, көп партияларды 20-30дун тегерегинде гана адам шайлаган. Биринчи орунду 584 добуш менен “Кыргызстан” партиясы жеңсе, экинчи орунду 550 добуш менен КСДП партиясы алган.

Ошол себептүү жергиликтүүлөр КСДПнын талапкерлери “биринчиликти алдырып жибергенине арданган” окшойт, деп жоромолдоп отурушат. Анткени эки партияда тең ушул айылдан чыккан талапкерлер бар болчу. “Кыргызстан” партиясында 70-тизмеде Болотбек Жунусов аттуу ишкер, ал эми КСДП партиясындагы 85-тизмеде Дыйканбай Даминов “Ошэлектр” ишканасынын директору.

“Ошэлектр” ишканасынын директору Дыйканбай Даминов болсо, зарылчылыкка жараша трансформаторлорду жайгаштыруу жана алып салууну ишкана жергиликтүү бийлик менен кеңешпей эле чечүүгө укугу барын билдирүүдө. Ал ошондой эле үгүт учурунда эмгек өргүүсүнө чыгып, анан гана КСДП партиясынын тизмесинде шайлоого аттанганын айтты. Дыйканбай Даминов трансформатор окуясын шайлоо менен байланыштырбоо керек дейт:

- Ал жерге трансформатор эч кандай партиянын атынан эмес, “Ош электр” ишканасынын атынан гана коюлган. Алгач ал көчөгө 160 киловаттык электр трансформатору коюлган. Негизи 400 киловаттык трансформатору бар болчу. 400 кВт-саат 100 үйгө кенен жетет, көчөдө болгону 63 үй бар. Демек бир көчөгө эки трансформатордун кереги жок. Ошого 160 киловаттык трансформаторду кайра алып, башка муктаж жакка котордук. Ошол себептүү бул ишти шайлоо менен байланыштыруу туура эмес. Мен “Кыргызстан” партиясынан ашып кетсе 34 добуш аз алдым. Анын эмнесине капа болмок элем? Муну жөн эле шайлоонун шайтан оюндары катары көрөм. Айрымдар бизди жаманатты кылуу үчүн эле, ушуларды айтып чыгып интрига кылып атышат. Балким атаандаштарым уюштуруп аткандыр, ким билет.

Мөнөк айылы
Мөнөк айылы

​Окуя боюнча жергиликтүү бийликтер деле бир жактуу пикир айта элек. Мөнөк айылынын башчысы Асылбек Баймурзаев да трансформаторду кайра алып коюшканына түшүнбөй турган кези:

- Мага 8-октябрь күнү жашоочулар “трансформаторубузду алып кетип калышты” деп арызданган. Мен эч нерседен кабарым жоктугун айтып, “эртең териштиребиз” деп, аларды араң таркаттым. Чынында аябай кыжаалат болуп, түнү менен уктабай чыккам. Анан эртеси айыл өкмөткө келе жатып, кан басымым көтөрүлүп, эсим ооп калыптыр. Ошондон бери ооруканага жатып, кечээ өзүмө келдим. Чын-чынына келгенде 400 киловаттык трансформатор ал көчөдөгүлөргө жетпейт, ошого 160 киловаттык трансформатор атайын коюлган болчу. Анан аны неге алып кетип калышты, кандайча алып кетишти, азырга чейин тактай албай, түшүнбөй жатам. Бизге эч кандай кабар бербей эле ушул ишти жасап коюшуптур. Мага жок дегенде телефон чалып айтып коюшпаптыр. Эл нааразы, мен да өтө капа болдум.

Маалым болгондой “Ошэлектр” мекемеси Ош, Баткен облустарын энергия менен камсыздайт. Бул аймактарда жалпы 5 миңдей трансформатор бар.

Трансформаторго байланыштуу ушундай эле факт Нарын облусунда да катталган. “Бир Бол” партиясынын талапкери Нурлан Жапаров Теңдик айылындагы 80дей үйгө трансформатор коюп берип, шайлоодо аз добуш алганы үчүн аны кайра чечип кеткен.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG