Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы "Майдан KG" гезитин сотко берет


Баткендин Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Төралиев "Майдан KG" гезитин сотко бергени жатат. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" кабарлады.

Төралиев гезитке анын атынан жарыяланган катка тиешеси жоктугун айтууда.

- Менин атымдан ошондой иш кылышыптыр бирөөлөр. Редакторуна чалып сурасам, интернеттен алдык дейт. Мен сот аркылуу ошол гезитти жаптырам, - дейт Төралиев.

Гезиттин 2-октябрдагы санына “Ар бирине назар салып, чай берип, сыйлап, үйүнө дөөзире күрүчтөн жеткирип беришим керек... Ажонун өзүнө айтам” деген аталыштагы кат Алчынбай Төралиевдин атынан жарыяланган. Анда айыл өкмөт башчысы катары жогорку баскычтагы бийлик өкүлдөрүнүн басымы, паракорлукка даттанган сөздөр жазылган.

Ар жума сайын чыгуучу "Майдан KG" коомдук-саясий гезитинин редактору Нургазы Аманкулов мындай кат редакцияга интернет аркылуу келгенин тастыктоодо:

- Электрондук дарегибизге ошондой кат келген. Эч оңдобой жарыялаганбыз. Албетте, текшерип коюш керек болчу, бирок колум жетпей калган. (SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG