Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Нидерландия малайзиялык учактын Украинада кулашы боюнча баяндамасын жарыялайт


Кыйраган учактын сыныктары. 17-июль, 2014-жыл.
Кыйраган учактын сыныктары. 17-июль, 2014-жыл.

Нидерландиянын Коопсуздук кеңешинин он беш айга созулган иликтөөсүнүн негизинде даярдалган баяндама ушул сааттарда жарыяланганы жатат.

Анда “Боинг 777” учагы былтыр 17-июлда Украинанын чыгышында, асманда кантип кыйраганы жарыя айтылары күтүлүүдө. Бирок буга ким жоопкер экени ачык айтылбайт.

Нидерланд тараптын баштапкы тыянактарында “учакка сырттан жогорку энергиялуу зат тийгени” көргөзүлгөн.

Амстердамдан Куала-Лумпурга бара жаткан учак кулаганда анын бортундагы 298 адамдын баары өлгөн.

Кырсык Украинанын чыгышында айыгышкан атышуулар жүрүп жаткан аймакта болгон.

Киев жана Батыш өлкөлөрү учакты ракета менен атканы үчүн орусиячыл жикчилерди айыптаган. Бирок жикчилер менен Москва күнөөнү кайра Киевдин өзүнө оодарган болчу.

Орусиянын ракета жасоочу мамлекеттик “Алмаз-Антей” ишканасынын башчысы Ян Новиков бүгүн Москвадагы басма сөз жыйында алардын тыянагы Нидерланд тараптын иликтөөсүнүн тыянагынан айырмаланарын айтып чыкты. (UE)

XS
SM
MD
LG