Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Даминов: Мөнөктө трансформатор алмашканынын шайлоого тиешеси жок


Оштун Кара-Суу районунун Мөнөк айылында трансформатордун алмаштырылышы шайлоого же кайсы бир партияга тиешеси жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Ошэлектр» ишканасынын жетекчиси Дыйканбай Даминов билдирди.

Анын айтымында, учурда бул боюнча чыгып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.

- Айылдагы 160 кВт кубаттуу трансформатордун ордуна элдин санына жараша 400 кВт жабдуу орнотулган. Эскисин Ноокат районунун Алмалык айылына алып барып тургуздук, - деди Даминов.

Кара-Сууда шайлоо маалында коюлган трансформаторду кайра алып кетишткенин Мөнөк айылынын тургуну Мунарбек Исаков “Азаттыкка” билдирген болчу. Анын айтымында, кыштакка 160 кВт электр трансформаторун КСДП партиясынын талапкерлери 25-сентябрда коюп беришкен, бирок шайлоодо алар “Кыргызстан” партиясынан аз добуш алып калганына нааразы болуп, 8-октябрь күнү аны кайра чыгарып кетишкен. (BK/RK)

XS
SM
MD
LG