Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

Голланд иликтөөчүлөрү: “Бук” ракетасы тийген учактын жүргүнчүлөрү дароо өлгөн


Кыйраган учактын кабинасы анын жыйналган сынактарынан куралып, баяндаманы жарыялоо учурунда көргөзүлдү. 13-октябрь, 2015-жыл.
Кыйраган учактын кабинасы анын жыйналган сынактарынан куралып, баяндаманы жарыялоо учурунда көргөзүлдү. 13-октябрь, 2015-жыл.

Голландиянын Коопсуздук кеңеши он беш айга созулган иликтөөдөн соң бүгүн Малазиянын жүргүнчү учагы Украинанын чыгышынан “Бук” ракетасы менен атылган деген тыянагын жарыялады.

Кеңештин төрагасы Чиббе Йаустра иликтөөнүн тыянагы менен тааныштырып жатып, буларга токтолду:

- Авариянын себептери боюнча эл аралык иликтөө МH17 каттамындагы учак кабинанын сол тарабына 9N314М дүрмөтү жарылганынан улам кыйраганын көргөздү. Бул дүрмөт “Бук” зениттик системасына орнотулган ракетага шайкеш келет.

Голланд иликтөөчүлөрүнүн тыянагына караганда, ракета Украинанын чыгышынан атылган, бирок ал кайсыл жер экенин так айтылган жок. Коопсуздук кеңешинин төрагасы Чиббе Йаустранын айтымында, бул кылмыш ишин иликтөөчү Эл аралык тергөө тобунун ыйгарым укугундагы маселе.

Малайзиянын “Боинг 777” жүргүнчү учагы 2014-жылы 17-июлда Украинанын чыгышында, орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактын үстүндө кыйраган.

Амстердам шаарынан Куала Лумпурга бара жаткан учак кулаганда анын бортундагы 298 адамдын баарынын өмүрү кыйылган. Голландиянын Коопсуздук кеңеши МH17 каттамынын жүргүнчүлөрү учакка ракета тийгенде дароо өлгөн же ээсин жоготкон деген бүтүмгө да келишти.

Кырсык Украинанын чыгышында айгышкан атышуулар жүрүп жаткан кезде орун алган.

Голланд иликтөөчүлөрү Украинанын өкмөтү ошол кезде аба мейкиндигин жабуусу керек болгонун, ал күнү Чыгыш Украина аркылуу учактары өткөн 61 авиакомпаниянын бири да тобокелчиликти аңдап билбегенин белгилешти.

Кырсыктан соң Киев жана Батыш өлкөлөрү учакты ракета менен атканы үчүн орусиячыл жикчилдерди айыптаган. Бирок жикчилдер менен Кремль күнөөнү кайра Киевдин өзүнө оодарган болчу.

Орусиянын ракета жасоочу мамлекеттик “Алмаз-Антей” ишканасынын башчысы Ян Новиков бүгүн Москвадагы басма сөз жыйында алардын тыянагы голланд тараптын учакка тийген ракетанын түрү жана атылган жери боюнча бүтүмүнөн айырмаланарын айтып чыкты.

Голландиянын премьер-министри Марк Рюттенин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алардын иликтөөсү трагедия боюнча кылмыш ишин ачып, тергөө жүргүзүүгө маанилүү таяныч болуп бере алат. Ал эми АКШ Голландиянын баяндамасын “күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу аракетиндеги маанилүү бурулуш” деп атады. (UE)

XS
SM
MD
LG