Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

Орусияда сот террорчу деп шектелгендерди камоону колдоду


Теги боюнча чеченстандык Аслан Байсултанов сотто. Москва, 13-октябрь, 2013-жыл.

Теги боюнча чеченстандык Аслан Байсултанов сотто. Москва, 13-октябрь, 2013-жыл.

Москванын Лефортово райондук сотунун бүгүнкү чечимине ылайык, Аслан Байсултанов, Эльман Ашаев, Мохамад Межитов кеминде 12-декабрга чейин камакта отурушат.

Алар Орусия борборунда терракт жасоону көздөгөн деген шек менен кармалышкан. ФСБнын башчысы Александр Бортниковдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, бул үч адам Москвада 11-октябрда он эки орусиялыктын катарында кармалган.

ФСБ башчысынын айтымында, кармалгандар арасынан Байсултанов Орусияга Сирияда террордук чабуулду уюштуруу үчүн келген.

Кармалгандардын баары “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөлөрү же жактоочулары.

Мурдараак орус президенти Владимир Путин Москванын Сирияда аба соккуларды жасоо чечимин “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери Орусияда террордук чабуул жасашы мүмкүндүгүнө да байланыштырган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG