Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Келбес сапарга узаган аталар...


12-октябрда кылмышкерлердин колунан мерт болгон үч кызматкердин артында балдар калды.
12-октябрда кылмышкерлердин колунан мерт болгон үч кызматкердин артында балдар калды.

12-октябрга оогон түнү №50 абак жайда кылмышкерлердин колунан мерт болгон үч кызматкердин сөөгү бүгүн жерге берилет. Ооруканага түшкөн дагы бир кызматкердин абалы оор бойдон калууда.

Окуяга байланыштуу прокуратура абак жайдын жетекчилерине кылмыш ишин козгоп, тергей баштады.

Бейажал мерт кеткен жаза өтөө мекеме кызматкерлеринин бири, ички кызматтын майору, 56 жаштагы Таалайбек Өмүрзаковдун артында төрт баласы калды. Өмүрзаков бир ай эмгек өргүүсүндө жүрүп, жаңы эле кызматына киришкен.

Акмөөр Алжанбаева буга чейин эле күйөөсүнөн иштеген жумушу кооптуу экенин угуп келген. Ал эми күйөөсү акыры минтип террорчулардын курмандыгы болгонун айтып чыркырап отурат:

- Бул түрмөдө тоок уурдагандар эмес, коркунучтуу террористтер кармалат. Эмне үчүн аларга шалаакы мамиле жасап, жөнөкөй эле камералар дагы иштебей турду? Ким жооп берет мындайга? Кечээ жолдошум жумушка кетип, бүгүн сөөгү келди. Өкмөт деле булардын шартын карап койсо боло! Мен башка аялдардын да ушинтип жесир калышын каалабайм.

Өлгөндү көмгөнгө жер араң табылды

Жалал-Абадда төрөлгөн Таалайбек Өмүрзаковдун сөөгүн Бишкекке коюу чечими кабыл алынганы менен, мүрзөдөн жер алуу кыйынчылык жаратты. Бул тууралуу маркумдун бир тууган агасы Кубанычбек Өмүрзаков айтты:

- Каттоосу Бишкекте эмес деп жер бербей кыйнашты. Биз тааныштарды ортого салдык, ары-бери жүгүрүп, чын-төгүнүн айтсак дагы жер бербей жатышып, экинчи күн дегенде гана араң алдык.

Түрмөдөн качкандар дал ушу майор Таалайбек Өмүрзаковду өлтүрүп, чөнтөгүнөн ачкычын алып, унаасын айдап кетишкен. Туугандары бул "Тойота эстима" автоунааны Өмүрзаков насыяга алганын, ушу күнгө чейин төлөп келатканын айтышты. Качкандарды кармоо операциясы маалында табылган автоунаа азыр тергөө иштерине байланыштуу Жаза аткаруу кызматынын короосунда токтоп турат.

Өмүр үчүн күрөш

Мерт болгон кызматкерлердин калган экөө бир куракта – 37 жашта болушкан. Алардын бири Туратбек Садыбакасовдун артында эки, Фархад Орозбек уулунун артында беш айлык бир баласы калды. Ал экөөнүн тең сөөгүн туугандары Ысык-Көлгө алып кетишти.

Окуяда оор жаракат алган төртүнчү кызматкер, подполковник Тилек Абылгазиев дагы эле эс-учуна келе элек. 13-октябрда Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө анын баш мээсине экинчи жолу операция жасалды.

Бейтаптын абалын саламаттык сактоо министри көзөмөлдөп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматтын кызматкерлери кан тапшырып жатышканын Тилек Абылгазиевдин тууганы Рахат Мусаев “Азаттыкка” билдирди:

- 12-октябрда түнкү экиден таңкы алтыга чейин операция жасашты. Күндүз томографияга түшүрсө дагы деле башында сөөктөр калыптыр, дарыгерлер мээсинде гематома бар деп айтышып, кайра операция жасашты. Дагы деле комадан ойгоно элек. Биринчи операция Чүй облустук ооруканада жасалган, азыр болсо улуттук госпиталга алып келишти.

Туугандардын кооптонуусу

12-октябрга караган түнкү окуя боюнча Жаза аткаруу мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө прокуратурасы №50 абак жайдын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Аталган кызматтын тергөө бөлүмүнүн башчысы Рахат Алышев факты боюнча тергөө тобу түзүлгөнүн, ишти иликтөөгө эки айдай убакыт кетерин жабырлануучулар менен жолугушууда айтты:

- Мыйзам боюнча тергөөгө эки ай убакыт берилет. Ушул аралыкта биз бардыгын иликтеп чыгабыз. Азырынча тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу эч нерсе айта албайбыз. Биз бир нече варианттар боюнча иштеп жатабыз. Анын ичинде кызматкерлер өздөрү да кылмышкерлер менен кызматташып кетиши мүмкүн деген версия бар. Азыр тергөө тобу түзүлдү, ушул жаатта иштер жүрүп жатат.

Бул арада маркумдун туугандары тергөөнүн акыйкат жүрүшүнөн күмөн санай баштады. Алар күнөөнү маркумдардын өздөрүнө оодаруу аракети болушу мүмкүн деп боолгошууда.

12-октябрда Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 жаза өтөө мекемесинен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жети жана тергөөдөгү эки адам үч түрмө кызматкерин муунтуп өлтүрүп, дагы бирөөнү чала жан кылып сабап качып кетишкен. Алардын бешөө ошол күнү кармалып, төртөө дагы эле дайынсыз болууда. Качкандардын бардыгы диний экстремизм жана терроризм үчүн айыпталышкан.

XS
SM
MD
LG