Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Бишкекте композитор Жумамүдүн Шералиевдин эстелик бюсту ачылат


Кыргыз ССРнин эл артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты, чыгаан обончу Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги атайын иш-чараларды уюштурат. Министрликтин маалыматына караганда, бүгүн Бишкектеги №6 музыкалык-искусство мектебинин алдында композитордун эстелик бюстун ачуу аземи өтөт.

Жумамүдүн Шералиев 600дөн ашуун обондун автору болгон, анын ырлары бүгүнкү күнү да эл ичинде ырдалып жүрөт. Ал Токтогул Сатылганов, Жоомарт Бөкөнбаев, Аалы Токомбаев баштаган акындардын ырынын текстине обон жазуу менен бирге, өзү да айрым ырларынын сөзүн жазган. Шералиев 1915-жылы Ат-Башы районунун Туюк-Богошту деген жеринде туулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG