Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Талиптер Кундуздан чыгарын жарыялады


“Талибан” кыймылы өз күчтөрүн Кундуз шаарынан чыгарып кете турганын билдирди. Маалыматка караганда, талиптер мындай кадамга өз максаттарына жеткен соң барышат. Кыймылдын маалымат кызматы өздөрүнүн бир канча кишилерин түрмөдөн чыгарып, аскер техникаларды алганга үлгүрүшкөнүн билдирди.

Талиптер Кундуз шаарына 28-сентябрдын таңында чабуул коюп, кечке маал толугу менен өз карамагына алышкан. Эртеси күнү Ооганстандын коопсуздук күчтөрү аймакты кайтарып алуу операциясын баштаган.

Тажикстан менен чектешкен Кундуз провинциясына үстүбүздөгү жылдын апрель жана июнь айларында да кол салуу аракеттери болгон. Байкоочулардын айтымында, ушул жылдын башында Эл аралык коалиция өз күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кетиши менен согушкерлердин активдүүлүгү күч алды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG