Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

“Мен ракты жеңдим!” деген аталышта фотокөргөзмө ачылат


Фоторкөргөзмө рак оорусуна каршы күрөшүүгө багытталган “Күлгүн октябрь” акциясынын алкагында уюштурулууда. Иш-чаранын алкагында тургундарга бул илдет жана анын алдын алуу чаралары тууралуу маалымат берилет, дарыгерлердин кеп-кеңештери айтылат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда рак илдетине кабылган 25 миңдей адам бар. Адистердин айтымында, бул ооруга чалдыккандардын жарымынан көбү ооруканага кеч кайрылат. Онкологиялык оорулардын ичинен ашказандын шишиги биринчи орунда турат. Дарыгерлер бул оору жашарып баратканына тынчсыздануусун билдирип келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG