Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Кыргызстанда болочок жумушчулар ортосунда мелдеш өтөт


Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттиктин директору Таалайбек Чолпонкуловдун “Азаттыкка” айтуусунда, мындай мелдеш өлкөдө алгачкы жолу уюштурулууда. Ага республика боюнча курама командалар катышат. Анда курулуш тармагындагы үч кесип ээлери: газ-электр ширетүүчү, гипсакартон менен иштегендер жана электр-монтаждочулар ортосунда таймаш өтөт. Мелдешке ири компаниялардын өкүлдөрү калыстык кылат.

-Иш-чаранын максаты кесиптик-техникалык окуу жайларды жана кесиптердин өзүн пропагандалоо жана жаштарга үгүттөө болуп эсептелет. Ошону менен катар билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн уюштуруп жатабыз. Келечекте дүйнөлүк ушундай багыттагы мелдешке биздин окуучулар да катышса деген максатыбыз бар.

Кыргызстанда жалпысынан 101 кесиптик-техникалык окуу жайы бар. Анда жыл сайын 26 миң окуучу бюджет эсебинен окушат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG