Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Ошто журналисттер үчүн терроризмге каршы семинар өтүүдө


Бүгүн Ошто журналисттер үчүн "Массалык маалымат каражаттарынын диний экстремизм жана эл аралык терроризмдин көбөйүп жатканын чагылдыруудагы ролу" деген темада эки күндүк семинар-тренинг башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги борборунун маалымат катчысы Василина Бражко кабарлады.

Анын айтымында, окутууну аталган уюм Улуттук коопсуздук комитети жана “Ыйман” рухий маданиятты өнүктүрүү фонду менен бирге өткөрүүдө.

Семинарды ачып жатып ЕККУнун Бишкектеги борборунун аскердик-саясий бөлүмүнүн башчысы Маче Даховский террорчулукту алдын алууда өкмөт менен катар массалык маалымат каражаттары да негизги ролду ойнорун айтты.

Диний экстремизмге каршы туруу маселеси Кыргызстандын Коргоо кеңешинин соңку жыйындарынын биринде каралып, бул багытта ишти күчөтүү чечими кабыл алынган. Күч органдарынын маалыматына караганда, 300дөн ашуун кыргызстандык учурда Сириядагы согушка катышып жүрөт. 12-октябрга караган түнү өлкөдөгү эң дыкат кайтарылган түрмөдөн террорчулук үчүн өмүрүнүн аягына чейин кесилген 9 адам качып чыккан, алардын бешөө кармалып, төртөө дагы эле табылбай жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG