Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Атайын операцияда жабыркагандарга жаңы үйдүн ачкычы тапшырылды


Жайында атайын операция учурунда үй-жайынан ажырагандар жаңы үйлүү болушту. Бүгүн алардын экөөнө ачкыч тапшырылды, үчүнчү жабыркаган акчасын гана алмай болду. Ачкычтарды вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев тапшырды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Мурадил Азимжановдун “Азаттыкка” айтымында, эки үй толугу менен курулуп, үч үй оңдолуп-түзөлдү. Бул максатта президенттин социалдык коргоо жана калкты колдоо фондунан 5 миллион сом бөлүнгөн. Мындан сырткары күйүп кеткен үйлөрдү калыбына келтирүү жана материалдык чыгым үчүн кошумча 3 миллион 200 миң сом каралган.

16-июлда Бишкектин Анкара жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук операциясы өткөн. Атайын кызмат "Ислам мамлекети" террордук тобуна катыштыгы бар деген адамдар кармалганын, экөө жок кылынганын маалымдаган. Бирок кийин кылмышка шектүүлөрдүн жакындары алардын террорчулукка тиешеси болбогонун айтып, күч кызматкерлерин айыптаган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG