Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Анкарадагы жардырууну сириялык согушкерлер уюштурушу мүмкүн


Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган

Мындай билдирүүнү Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган шейшемби күнү жасады. Мындай божомолдор жардырууну иликтөөлөр учурунда арбын айтылууда.

10-октябрда Анкарада жардыруу уюштурган жанкечтилер “Ислам мамлекети” радикал тобу жана Күрт жумушчу партиясы менен байланышта болушу мүмкүн экендигин Эрдоган да белгиледи. Ал буга чейин айтылып келген “жардырууну бийлик уюштурушу ыктымал” деген сөздөрдү четке кагып, аларды ушак деп атады.

Президент жүзгө жакын адамдын өмүрүн алган жардырууларды иликтөө ишин Мамлекеттик байкоочу кеңешке тапшырды.

10-октябрда эртең мененки саат 10дордо Анкаранын Борбордук темир жол вокзалынын жанында болгон жардыруу күртчүл жана солчул активисттер уюштурган көчө жыйын башталар алдында болгон.

XS
SM
MD
LG