Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Элчи Гуолтни: АКШ менен Кыргызстандын алакасын тереңдетким келет


"Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын эгемендигин жогору баалайт", – деди АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Шейла Гуолтни. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевге ишеним баракчасын тапшырган соң бүгүн ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып:

- Эки өлкө мындан ары дагы алаканы жакындата бермекчи. Биз алдыда кыргыз өкмөтү менен тыгыз иштешебиз. Мен жана биздин команда АКШ менен Кыргызстандын алакасын дагы тереңдеткибиз келет, – деп кошумчалады Гуолтни айым.

АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси алдыда кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет жасай турганын айтып, ушул учурда алгачкы окууcун баштаганын билдирди.

Шейла Гуолтни элчилик кызматынын мөөнөтү аяктаган Памела Спратлендин ордуна дайындалды. Ал 1999-2001-жылдары АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде миссия жетекчисинин орун басары болуп иштеп кеткен. (SDz)

XS
SM
MD
LG