Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Жалал-Абад: Быйыл дагы 10 бала бакча мамлекетке кайтарылды


Облус аймагында башка максатта пайдаланылып же менчиктештирилип кеткен 10 бала бакча имараты быйыл мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Эрнист Бөрүбаев “Азаттыкка” билдирди. Өкмөттүн 2013-жылдын май айындагы буйругунун негизинде кезегинде жеке колго өтүп кеткен бала бакчалар мамлекеттик пайдаланууга алына баштады.

- Жалпысынан облус аймагында 26 бала бакча кайтарылды, - деди Бөрүбаев.

Облус аймагында дагы кайтарыла турган 29 бала бакча бар. Бүгүнкү күндө Жалал-Абадда 166 мектепке чейинки билим берүүчү мекемеде 16 миң 706 бала тарбияланып жатат. Жалпы Кыргызстан боюнча бала бакчанын жетишсиздиги негизги социалдык көйгөйлөрдүн бири болууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG