Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Милицияга террорчу Абдрахмановго окшош адам тууралуу маалымат түшкөн


Эдил Абдрахманов
Эдил Абдрахманов

Милицияга Ботаникалык бакта террорчу деп соттолгон Эдил Абдрахмановго окшош, бир көзү майып адамды көрүшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" учурда террорчуларды издөө операциясын өткөрүп жаткан күч кызматкерлери кабарлашты. Тинтүү иштери Бишкек менен Көк-Жар айылы чектешкен жердеги Ботаника багында жүрүүдө. Ага Ички иштер министрлигинин атайын ыкчам отрядынын жоокерлери катышууда. Операцияны министрдин орун басары Алмазбек Орозалиев жетектеп жатат.

12-октябрга караган түнү Чүйдөгү №50 түрмөдөн терроризм жана диний экстремизм үчүн соттолгон 9 адам качып чыккан. Алардын бешөө кармалып, төртөө дайынын таптырбай кеткен. Азыр качып жүргөндөрдүн бири, 29 жаштагы Эдил Абдрахманов Көк-Жар айылында туулуп өскөн.

2013-жылы Абдрахманов Кыргызстанда тыюу салынган "Жайшул Махди" террорчул тобунун мүчөсү катары соттолуп, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Ага чейин, 2011-жылы Спорт ордосунун жанында жардыруу уюштурган, милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, Беш-Күңгөй айылында атайын операция учурунда жараат алып, оң көзүнөн айрылган. (UeZ/RK)

XS
SM
MD
LG