Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Тегеран Москва жана Дамаск менен кызматташууну кубаттайт


Аладдин Боруджерди

Аладдин Боруджерди

Бул тууралуу Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын төрагасы Аладдин Боруджерди билдирди. Ал аймактагы терроризмге каршы күрөштө Иран, Орусия, Сирия жана Ирак кызматташуусу ийгиликтүү натыйжасын бергенин кошумчалады. Боруджердин бул билдирүүсү Дамасктагы Сириянын өкүлдөрү, анын ичинде Башар Асад менен боло турган жолугушууну утурлай айтылды.

Ошондой эле парламент өкүлү АКШ баштаган антитеррордук коалиция өз максаттарына жетпей калганын белгиледи.

Учурда Орусия Сириядагы аба соккуларын улантууда. 30-сентябрдан бери жасалып жаткан соккулар Москва айтып жаткандай бир эле экстремисттердин болжолдуу жайларына эмес, Башар Асадга каршы чыккан козголоңчуларга да багытталып жатканы кабарланууда.

Бул үчүн АКШ, Британия, Түркия жана башка бир катар өлкөлөр Орусияны кескин сынга алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG