Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

Анкара күрттөргө курал берилишине каршы


Түркиянын премьер-министри Ахмет Давытоглу
Түркиянын премьер-министри Ахмет Давытоглу

Түркиянын премьер-министри Ахмед Давытоглу сириялык күрттөргө согуштук шайман жеткирилди деген маалыматтар боюнча бүгүн АКШнын элчисине өз нааразылыгын билдирди.

Давытоглунун айтымында, сириялык күрттөрдүн Түркиядагы күрттөр менен түздөн түз байланышы бар. Ошол себептен бул куралдар Күрт жумушчу партиясынын колуна түшүп, Анкарага каршы колдонулушу ыктымал деген кооптонуусун премьер жашырган жок.

Ал эми Сириядагы күрттөрдүн өкүлү АКШ “Ислам мамлекетине” каршы согушуп жаткан алардын аскерий топторуна АКШ 120 тоннадай согуштук шайман жеткиргенин билдирди. АКШ бул маалыматты ырастаган жок.

12-октябрда Пентагон Сириянын түндүк-чыгышында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы согушуп жаткан козголоңчуларга 50 тоннадай курал-жарак жеткиргенин кабарлаган.

Пентагондун маалыматына ылайык, курал ташталган козголоңчу топтордун лидерлери атайын текшерүүдөн өткөн жана АКШ баштаган эл аралык коалициянын ишеничине кирген.

XS
SM
MD
LG