Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Токтогулда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын спартакиадасы өтөт


Бүгүн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында облустук деңгээлдеги VI спартакиада башталат. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Абдулла Камбаровдун "Азаттыкка" айтымында, мелдешке ар кайсы район-шаарлардан тандалып алынган 90дон ашуун майып катышат. Алар спорттун 5 түрү боюнча күч сынашат.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо максатында бул иш-чара быйыл алтынчы жолу облустук деңгээлде уюштурулуп жатат. Спартакиадага өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 50 миң сом бөлдү. Калган уюштуруу иштерин Токтогул райондук бийлиги өз мойнуна алган.

Облус боюнча учурда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 18 миңден ашат. (RsK)

XS
SM
MD
LG