Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Кыргызстанда колду таза жууш эл аралык күнү белгиленет


Бүгүн Кыргызстанда колду таза жууш дүйнөлү күнү белгиленет. Анын алкагында окуучуларга колду жуунун маанилүүлүгү, жеке гигиена тууралуу маалыматтар берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, ЮНИСЕФ жана Орусия элчилигинин өкүлдөрү менен бирге Сокулук районундагы Р.Мамыралиев атындагы орто мектепте жаңы орнотулган кол жуучу жайларда эрежелер көрсөтүлөт.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаментинин адиси Нурболот Үсөнбаевдин “Азаттыкка” белгилешинче, соңку жылдары маалымат таратуу менен балдар арасындагы ичеги-карындагы мите курт дартына чалдыккандар дээрлик 10 эсе кыскарган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду 15-октябрды Бүткүл дүйнөлүк таза колдор күнү деп жарыялап, бул күн Кыргызстанда 2008-жылдан бери белгиленип келатат. Адистер колду таза жуу менен жугуштуу ичеги-карын жана мите (паразитардык) оорулардын алдын алса болорун белгилешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG