Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

БШК: Сабирова “Өнүгүү-Прогресстин” тизмесинен чыгарылды


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмесинен парламенттик шайлоого талапкер болгон Хулкарпаша Сабирова Орусиянын жараны экени аныкталды. Буга байланыштуу БШК аны партия тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекеменин маалымат катчысы Азиз Жабиев билдирди.

Буга чейин айрым маалымат булактары Орусиянын Федералдык салык кызматынын реестриндеги маалыматка таянып “Өнүгүү-Прогресстен” депутаттыкка талапкер Хулкарпаша Сабирова Орусия жараны экенин жазып чыгышкан. Анын кыргыз-өзбек чек арасынан Орусиянын паспорту менен өткөнү да белгиленген болчу.

Сабирова аталган партиянын тизмесинде 8-орунда. Ал 2010-жылдагы кандуу июнь окуясына шектелген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Сабировдун аялы. Кыргызстан мыйзамдарына ылайык, башка өлкө жарандары парламентке депутат боло алышпайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG