Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

БШК жүздөн ашуун талапкерди партия тизмесинен чыгарды


Борбордун шайлоо комиссиясы өз каалоосу менен арыз жазган айрым талапкерлерди тизмеден чыгарды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, “Республика Ата-Журттан” 55, “Өнүгүү-Прогресстен” 11, “Кыргызстан” партиясынан 44 талапкер тизмеден чыккан.

Партияда талапкерлер ортосунда өз ара келишим бар экени айтылып жүрөт. Ага ылайык, жетиштүү добуш топтой албагандар өз каалоосу менен мандат алганга чейин тизмеден чыгып кетет. Булардын ичинен “Республика Ата-Журт” партиясынын талапкерлеринин анты коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Партия лидерлери Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиевден сырткары бардык талапкер "сөзүмө турам, турбасам кудай урсун, балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын” деп ант беришкен. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG