Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

Вашингтон: Орусия менен Сирияда кызматташуу мүмкүн эмес


Расмий Вашингтон Орусия “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө эл аралык күчтөргө кошулмайынча алар менен Сирияда кызатташуу мүмкүн эместигин билдирди. Ак үйдүн маалымат катчысы Кремлдин өкмөт башчы Дмитрий Медведев башында турган делегацияны АКШга жөнөтүп, Сирияда аскердик кызматташуу тууралуу сүйлөшүү сунушун Путиндин “айласы кеткендеги” кадамы деп баалады. Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнесттин айтуусунда, Москванын бул сунушу кабыл алынган жок.

- Орусиянын Сирияда өзүнчө планы бар, аны азыр өз алдынча ишке ашырууда. Ошондуктан бул өлкөдөгү рангы боюнча экинчи турган мамлекеттик ишмерди АКШга жөнөтүп, аларга кошулууга көндүрүү аракети, менимче, Путиндин айла кеткендеги аракети деп ойлойм, - деди Эрнест.

Орусия Сириядагы аба чабуулдарын 28-сентябрда баштаган. АКШ, Түркия жана Араб мамлекеттеринин лигасы Орусиянын соккулары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна багытталбай эле, Асаддын каршылаштарына жасалып жатканын айтып, сынга алып келишет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG