Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Ошто үч миллион сом карызы бар жатакананын электр жарыгы өчүрүлдү


Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндөгү №4 үй-бүлөлүк жатаканада бир аптадан бери жарык жок. Электрге карызы көбөйүп кеткенден улам аны адистер өчүрүп кетишкен. Бул тууралуу аталган турак жайдын жашоочулары “Азаттыкка” билдирди.

Төрт кабат үйдөгү 80 батирге бир гана электр эсептегич орнотулган. Тургундардын жарымы ай сайын 200 сомдон төлөсө, башкалары ижарада тургандыктан акча беришпейт. Ошондуктан үйдүн жарык үчүн карызы 3 млн сомдон ашып кеткен.

Үй-бүлөлүк жатаканадагы тургундар андагы бөлмөлөрдү үйдүн ээси Убайдилла Бидинов менен 15 жылдан бери талашып келатышат. Алар союз учурунан бери жашагандыктан ээлик кылаарын айтышса, Бидинов үйдү толугу менен менчикке сатып алганын билдирип келет. Ошол себептүү электр эсептегичтер ар бир батирге бөлүнүп коюла элек.

Ош шаарында 20дан ашык үй-бүлөлүк жатакана бар. Алар союз учурунда завод жана ишканалардын жумушчулары үчүн курулган. 90-жылдардан кийин менчик колго өтүп кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG