Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышы Кыргызстандагы парламенттик демократияга из сала алды. Мындай пикирин бүгүн акыркы сессиясын өткөргөн депутаттар алдында сүйлөп жатып премьер-министр Темир Сариев билдирди. Өкмөт башчынын белгилешинче, бул парламент өлкөдө жаңы саясий маданиятты калыптандырды:
- Кандай гана курч маселе болбосун, талаш-тартыштар парламенттин ичинде жүрүп, Жогорку Кеңеш чыныгы демократиялык талкуулардын ордосуна айланды. Ошентип көчө митингдеринин күнү бүтүп, күрөш цивилизациялуу форматка өттү.
2010-жылы шайланып келген Жогорку Кеңештин иши бүгүн расмий жыйынтыкталды. Жаңы парламентке келе тургандар 4-октябрда шайланды. Анын расмий жыйынтыгы азырынча жарыялана элек. (RK)