Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышы акыркы жыйынын өткөрдү


Бүгүн Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаттарынын иши расмий аяктап, акыркы сессия өттү. Төрага Асылбек Жээнбеков бардыгына ыраазылык билдирип, аларга парламенттик демократиянын башатында болуу миссиясы жүктөлгөнүн, түрдүү көз караштарга карабастан өлкө үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда биримдик өкүм сүрүп келгенин айты.

Бул чакырылышта оппозиция да күчтүү болгонун, аларга толук мүмкүнчүлүк берилгенин айткан Асылбек Жээнбеков жаңы депутаттарга ийгилик каалады. "Парламенттик демократияны мындан ары өнүктүрүп кетүү үчүн бардык шарттар түзүлдү" деди ал.

2010-жылы шайланып келген депутаттардын иши бүгүн расмий аяктады. Жаңы парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн. Анын жыйынтыгы бүгүн жарыяланат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG