Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:46

Кара-Буурада төөбуурчактын арзандыгына нааразылар митингге чыкты


Кызыл-Адыр айылынын тургундары митингге чыкты. 15-октябрь, 2015-жыл.

Кызыл-Адыр айылынын тургундары митингге чыкты. 15-октябрь, 2015-жыл.

Ушу тапта Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында митинг өтүп жатат. Кабарчыбыздын маалымдаганына караганда, миңдей жергиликтүү тургун төөбуурчактын баасы арзандап кеткенине нааразылыгын айтып жатат.

Акцияга чыккандар менен жолугушууга облус жана район жетекчилиги барды.

Таласта ушул тапта тазаланган төөбуурчактын бир килограммы 35, ал эми таза эмеси 25 сомдон сатылууда. Мурдагы жылдары 100 сомго чейин жеткен болчу. (SS)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG