Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Ошто аскерлердин акчасын жегендер аныкталды


Бул тууралуу УКМКнын маалымат бөлүмү “Азаттыкка” кабарлады. Комитет алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коргоо министрлигинин “Аскердик соода башкармалыгы” мамлекеттик кызматынын Ош филиалындагы кассасынан 2012-13-жылдары 668,9 миң тийиштүү документтери жок кымырылганын аныктаган.

Натыйжада “Аскердик соода башкармалыгынын” Оштогу бөлүмүнүн бир нече кызматкерине кызматынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары уланууда.

12-июнда коргоо министри Абибилла Кудайбердиев жемкорлукка шектелип кызматынан алынган. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Аскер прокуратурасы менен бирге министрге, анын орун басарына, министрликтин каржы башкармасына жана “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын жетекчисине кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кызматтык жасалмалуулук жана ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. (ErN)

XS
SM
MD
LG