Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Кыргызстан-Хабаровск билим кызматташтыгы өркүндөтүлөт


Орусиянын Хабаровск шаарында билим берүү тармагында Кыргызстан менен кызматташуу тууралуу келишим кабыл алынды. Ага кечээ, 14-октябрда Кыргызстандын Ыраакы Чыгыштагы Ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев жана Хабаровск мамлекеттик экономика жана укук академиясынын ректору Юрий Плесовских кол коюшту.

Келишимде кыргызстандык студенттердин аталган окуу жайда билим алуусуна шарт түзүү каралган. Мындан ары окуу жай жыл сайын кыргызстандык абитуриенттер үчүн акысыз окуу орундарын бөлүп турат.

Хабаровск мамлекеттик экономика жана укук академиясы юридика, укук, экономика, соода, тейлөө, бажы адистерин даярдаган Ыраакы Чыгыштагы ири окуу жайлардын бири. Учурда сегиз кыргызстандык студент академиянын түрдүү бөлүмдөрүндө 1-курста бекер билим алып жатат. Мындан сырткары Ыраакы Чыгыш мамлекеттик байланыш жолдору университетинде 30дан ашык кыргызстандык улан-кыздар жогорку билимге ээ болууда.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Орусиянын ​Ыраакы Чыгыш аймагы боюнча консулдугунан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG