Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Кыргыз-кытай темир жолу боюнча сүйлөшүү аяктап калды


Кыргызстанды Кытай менен байланыштыра турган темир жол боюнча сүйлөшүүлөр соңуна чыгып калды. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңештин V чакырылышынын жыйынтыктоочу сессиясына катышып жатып сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

- Кыргызстан гана эмес, бардык аймак үчүн эң маанилүү Кыргызстан - Кытай темир жолун куруу боюнча сүйлөшүү бүтүп, жакынкы аралыкта анын иши башталганы турат, - деди Сариев.

Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол куруу демилгеси көтөрүлгөнүнө он жылдан ашты. Бирок каржы маселеси боюнча орток пикир табылбай келүүдө. Жыл башында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына Кыргызстан-Кытай багытындагы темир жолдун курулушу боюнча бардык варианттарды иштеп чыгууну жана аны Кытай тарап менен дагы талкуулоону тапшырган эле.

2012-жылдагы вариант боюнча Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга 6-6,5 млрд доллар кетет деп айтылган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG