Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

Жалал-Абадда соттук-медицина кызматкерлери каржылык кылмышка шектелүүдө


Жалал-Абадда облустук прокуратура соттук-медициналык экспертиза кызматкерлерине карата кылмыш иш козголду. Облустук экспертиза бюросунун жооптуу жетекчилери соңку 5 жылдан бери Бишкек жана Ош шаарларында иштеген 9 кызматкерге жасалма документ аркылуу айлык маяна берип турган деп шектелүүдө.

Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" жана "бюджеттик каражатты мыйзамсыз короткон" деген беренелери боюнча иш козголуп, тергөө жүргүүдө.

Мындай мыйзам бузуунун айынан мамлекетке жалпысынан 1 миллион сом зыян келтирилгени айтылууда. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG