Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Сариевдин тыюусуна карабай, Оштун салтанатына окуучулар тартылууда


Ош шаарынын 3015 жылдыгын белгилөөгө миңге жакын окуучу катышканы жатат. Салтанаттын башкы режиссеру Туратбек Муратовдун билдиришинче, мааракени белгилөөгө даярдык көрүлүп, ага бардык мектептен 30дан бала чакырылды. Алар программадагы “бактылуу балалык” деген көрүнүштү тартуулашат. Даярдык түштөн кийин окуган окуучулардын сабагына чейин болууда. Оюн жалпысынан 45 мүнөткө созулмакчы.

Быйыл май айында премьер-министр Темир Сариев Ошко келгенде аны күтүп турган окуучулардын бири эсин жоготуп кулап калган болчу. Ушундан улам өкмөт башчы мындан ары жогорку бийлик өкүлдөрүн тосуу-узатуу жана массалык иш-чараларга окуучуларды аралаштырууга тыюу салган эле.

Ош шаарынын күнү 29-октябрда белгиленет.(YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG