Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:25

Сирия аскерлери Хомс аймагына чабуулга өттү


Хомсдагы Талбиссех калаасы

Хомсдагы Талбиссех калаасы

Сириянын куралдуу күчтөрү өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан козголоңчулардын карамагындагы Хомс шаарына чабуул баштады. Орусиянын аскер учактары аларга абадан көмөк көрсөтүп жатканы айтылууда.

Сириядагы согушту көзөмөлдөгөн Британиянын адам укуктары боюнча обсерватория уюму 15-октябрда орусиялык согуш учактары Талбиссех жана Тейр-Малла шаарларына сокку урганын билдирди.

Бул уюмдун маалымдоосунда, Сириянын аскерлерине Ливандын “Хизболлах” тобунун согушкерлери да кошулган.

Орусия 13-октябрда абадан урган соккуларын күчтөндүрүп, 24 сааттын ичинде 88 ирет чабуул жасаган.

Москва “Ислам мамлекети” террордук тобу турган жерлерди бутага алып жатабыз дегени менен, Вашингтон жана анын өнөктөштөрү Орусия Башар Асаддын бийлигин колдоп жатканын айтууда. Орусиянын Сириядагы аба чабуулдары 30-сентябрда башталган. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG