Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

Чыгыш Иерусалимди израилдиктер тосуп салышты


Израил бийлиги Чыгыш Иерусалимдеги Палестина менен чектешкен жерге тосмо орнотту. Буга шаарда палестиналыктардын жөөт тургундарды бычактап кетип жатканы себеп болду.

14-октябрь күнү аялдамада турган 70 жаштагы жөөт аялды палестиналык киши бычактагандан кийин, аны израилдик аскер атып өлтүргөн.

Андан мурда Иерусалимдеги Эски шаарга кире бериш жерде кол салганы калган дагы бир палестиналык Израил тартип сакчысынын колунан ажал тапты.

Израилдиктердин Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине палестиналыктарды киргизүүнү чектөөдөн кийин палестиналыктар жөөттөрдү бычактай башташкан.

Эки аптадан берки кандуу окуялардан жети израилдик, 32 палестиналык набыт болду. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG